Главная » Библиотека » Human Rights » Балдардын үстүнөн камкорчулукту (опека) кантип толтуруу керек?

Балдардын үстүнөн камкорчулукту (опека) кантип толтуруу керек?

⁉Эмгек мигранттарынын туугандарыныкында же интернаттык мекемелерде калган балдарын зомбулуктан, эмгек эксплуатациясынан жана ырайымсыз мамиледен коргоо максатында камкорчулукту (опека) расмий түрдө каттоо зарыл. ✔

Жашы жетелек өспүрүмдөргө камкорчу жана көзөмөлчү болууну каалаган жарандар балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмуно арыз менен кайрылышат (Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги) жана төмөнкү документтер тиркелет: 🔹

— паспортунун көчүрмөсү (же башка өздүгүн тактаган документ); 🔹

— нике күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никеси бар болсо); 🔹

— жубайынын камкорчу же көзөмөлчү болууга нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турса); 🔹

— жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө тастыктама; 🔹соттуулугунун жок экендиги, алынып салынгандыгы же жоюлгандыгы жөнүндө ички иштер органдарынын тастыктама; 🔹

— үй-бүлөнүн туруктуу кирешеси бар экендигин тастыктаган документ (иштеген жеринен ээлеген кызматы жана эмгек маянасы көрсөтүлүп жазылган тастыктама, ишкердик ишмердүүлүгүнөн алган кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан жер үлүшүнүн бардыгы, чарбасы жана дыйкан чарбасынын башка активдеринен жеке менчиги бар экендиги жөнүндө тастыктама); 🔹

-мамлекеттик дарылоочу-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдар тарабынан камкорчу болууну каалап жаткан жарандын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолуктарынын абал, оорулардын жоктугу тууралуу тастыктама; 🔹

-иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө; 🔹

-толук автобиографиясы.

источник

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.